08/06/2026
*Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинде коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымат*
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы № 137 «2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча ведомстволук иш-чаралар планы 2024-жылдын 5-августундагы № 13-139 буйрук менен бекитилген. Кийинчерээк аталган планга 2026-жылдын 21-майындагы № 13-54 буйрук менен тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилген.
Мамлекеттик стратегияны ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2025-жылдын 28-январындагы № 4-Т тескемеси менен ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн. Аталган тескемеге ылайык мамлекеттик органдар мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын аткарылышы жөнүндө маалыматты квартал сайын, отчеттук кварталдан кийинки айдын 5инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына берүүгө милдеттүү.
Бул талаптарды аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан 2026-жылдын I кварталы боюнча маалымат 2026-жылдын 3-апрелиндеги № 04-4/3094 кат аркылуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жөнөтүлгөн.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-январындагы № 29 «2026–2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы маалыматтык саясатынын мамлекеттик программасын бекитүү жөнүндө» токтомун ишке ашыруу максатында Министрликтин тиешелүү иш-чаралар планы 2026-жылдын 10-мартындагы № 13-21 буйрук менен бекитилген.
Аталган токтомдун талаптарына ылайык иш-чаралар планынын аткарылышы жөнүндө маалымат квартал сайын Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына берилүүдө. Тактап айтканда, 2026-жылдын I кварталы боюнча маалымат 2026-жылдын 3-апрелиндеги № 04-4/3091 кат менен жөнөтүлгөн.
Коррупциянын алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан сунушталган типтүү үлгүнүн негизинде «Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинде коррупциянын алдын алуу максатында жарандардын кайрылууларына талдоо жүргүзүүнүн тартиби» аттуу документ иштелип чыгып, учурда бекитүү стадиясында турат.
Ошондой эле Министрликтин коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча ведомстволук иш-чаралар пландары жана алардын аткарылышы жөнүндө отчеттор Министрликтин расмий интернет-сайтына жайгаштырылган.
Коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо, баалоо жана башкаруу системасын киргизүү максатында 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 13-43 буйрук менен жумушчу топ түзүлгөн. Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо, баалоо жана башкаруу тартиби жөнүндө жобонун талаптарын аткарууга багытталган.
Мындан тышкары, көрсөтүлгөн жобонун 2-тиркемесине ылайык Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинде жана анын ведомстволук бөлүмдөрүндө коррупциялык тобокелдиктер жаралышы мүмкүн болгон учурлардын жана кырдаалдардын тизмеси даярдалып, макулдашуу үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жөнөтүлгөн.
Ошону менен катар мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу алкагында Министрликтин бир катар ички ченемдик укуктук жана уюштуруучулук документтерине тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилип, коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл менен тыгыз кызматташтыкта иштер жүргүзүлүүдө.
Жалпысынан, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу жана алардын алдын алуу боюнча комплекстүү иштер системалуу түрдө жүргүзүлүүдө.
—————————————-
*Информация о проводимой работе по противодействию коррупции в Министерстве энергетики Кыргызской Республики*
В целях реализации Указа Президента Кыргызской Республики от 5 июня 2024 года № 137 «О Государственной стратегии по противодействию коррупции в Кыргызской Республике на 2025–2030 годы» приказом Министерства энергетики Кыргызской Республики от 5 августа 2024 года № 13-139 утвержден Ведомственный план мероприятий по противодействию коррупции. В последующем в указанный план были внесены соответствующие изменения приказом от 21 мая 2026 года № 13-54.
В рамках реализации Государственной стратегии распоряжением Генерального прокурора Кыргызской Республики от 28 января 2025 года № 4-Т создана межведомственная рабочая группа. Согласно данному распоряжению государственные органы обязаны ежеквартально, не позднее 5 числа месяца, следующего за отчетным кварталом, представлять в Генеральную прокуратуру Кыргызской Республики информацию о выполнении плана мероприятий по реализации Государственной стратегии.
Во исполнение указанных требований Министерством энергетики Кыргызской Республики информация о реализации мероприятий за I квартал 2026 года была направлена в Генеральную прокуратуру Кыргызской Республики письмом от 3 апреля 2026 года № 04-4/3094.
Кроме того, в целях реализации постановления Кабинета Министров Кыргызской Республики от 27 января 2026 года № 29 «Об утверждении Государственной программы информационной политики по противодействию коррупции в Кыргызской Республике на 2026–2027 годы» приказом Министерства от 10 марта 2026 года № 13-21 утвержден соответствующий План мероприятий.
В соответствии с требованиями указанного постановления информация о выполнении мероприятий представляется в Генеральную прокуратуру Кыргызской Республики на ежеквартальной основе. Так, информация за I квартал 2026 года была направлена письмом от 3 апреля 2026 года № 04-4/3091.
В рамках проводимой работы по предупреждению коррупции на основе типового образца, рекомендованного Генеральной прокуратурой Кыргызской Республики, разработан документ «Порядок проведения анализа обращений граждан в Министерстве энергетики Кыргызской Республики в целях предупреждения коррупции», который в настоящее время находится на стадии утверждения.
Также ведомственные планы мероприятий по противодействию коррупции и отчеты об их исполнении размещены на официальном интернет-сайте Министерства.
В целях внедрения системы выявления, оценки и управления коррупционными рисками приказом Министерства от 29 апреля 2026 года № 13-43 создана рабочая группа. Данная работа проводится во исполнение требований Положения о порядке выявления, оценки и управления коррупционными рисками в государственных органах и органах местного самоуправления Кыргызской Республики.
Кроме того, в соответствии с приложением 2 к указанному Положению подготовлен перечень случаев и ситуаций, при которых возможно возникновение коррупционных рисков в Министерстве энергетики Кыргызской Республики и его подведомственных подразделениях. Указанный перечень направлен в Генеральную прокуратуру Кыргызской Республики для согласования.
Наряду с этим в рамках реализации Государственной стратегии внесены соответствующие изменения в ряд внутренних нормативных правовых и организационно-распорядительных документов Министерства. Работа по вопросам предупреждения коррупции проводится в тесном взаимодействии с уполномоченным представителем по вопросам противодействия коррупции.
В целом Министерством энергетики Кыргызской Республики на системной основе проводится комплексная работа, направленная на реализацию государственной антикоррупционной политики, снижение коррупционных рисков и предупреждение коррупционных проявлений.