Нарын электр тармактар ишканасы

Нарын электр тармактар ишканасы Нарын электр тармактар ишканасы

🔹Кыргызстандын энергетика тармагында жаңылануу: 41 даана жаңы атайын техника ишке берилди♦️Кыргыз Республикасынын энерге...
10/06/2026

🔹Кыргызстандын энергетика тармагында жаңылануу: 41 даана жаңы атайын техника ишке берилди

♦️Кыргыз Республикасынын энергетика тармагын модернизациялоо жана инфраструктуралык мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоо багытында Энергетика министрлиги тарабынан иштер ырааттуу түрдө жүргүзүлүүдө. Бул иштердин алкагында 41 даана атайын техника расмий түрдө тапшырылды.

Иш-чара Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков жана Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин катышуусунда өтүп, энергетика тармагынын материалдык-техникалык базасын бекемдөөгө жана инфраструктуранын туруктуулугун жогорулатууга багытталды.

Техникалар “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын өз каражатынын эсебинен жалпы суммасы 181,6 млн сомго сатып алынды. Эми алар республика боюнча электр тармактарынын ишканаларына бөлүштүрүлөт. Алардын катарына жүктөгүч-экскаваторлор, бийиктикке көтөрүлүүчү унаалар (автовышкалар), оор жүк ташуучу башкы унаалар (тягачтар), чиркегичтер жана бригадалык унаалар кирет.

Иш-чаранын жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков жаңы атайын техникаларды көрүп чыгып, алардын электр тармактарынын ишенимдүү иштешин камсыздоодогу жана авариялык кырдаалдарды ыкчам жоюудагы маанисине токтолду. Ошондой эле ал энергетика тармагында ишке ашырылып жаткан заманбап санариптик долбоорлор менен таанышып, дата борбордун ишмердүүлүгүн көрүп чыкты. Борбордун техникалык мүмкүнчүлүктөрү жана келечектеги өнүгүү багыттары тууралуу маалымат берилди.

Бул техникалар энергетика тармагындагы капиталдык курулуш иштерин өз убагында жана сапаттуу аткарууга, авариялык кырдаалдарды ыкчам жоюуга, электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга жана бөлүштүрүүчү тармактардын үзгүлтүксүз иштешин камсыздоого шарт түзөт.

Мындан тышкары, 2026-жылдын ичинде кошумча 8 даана манипулятор сатып алуу пландалып, жалпы жаңыланган техникалардын саны 49 даанага жетет.

Эске салсак, 2025-жылы да энергетика тармагын чыңдоо максатында жалпы суммасы 379,1 млн сомго 140 даана атайын техника сатылып алынып, өлкө боюнча электр тармактары ишканаларына бөлүштүрүлгөн.

Энергетика министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан бул системалуу иштер тармактын инфраструктурасын жаңылоого, күз-кыш мезгилине даярдыкты күчөтүүгө жана калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоого багытталган.
—————————————————
🔹Модернизация энергетической отрасли Кыргызстана: введены в эксплуатацию 41 единица новой специализированной техники

♦️Министерство энергетики Кыргызской Республики последовательно реализует мероприятия по модернизации энергетической отрасли и укреплению инфраструктурного потенциала страны. В рамках этой работы состоялась официальная передача 41 единицы специализированной техники.

Мероприятие прошло с участием заместителя Председателя Кабинета Министров Кыргызской Республики — министра водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности Эрлиста Акунбекова и министра энергетики Таалайбека Ибраева. Переданная техника призвана укрепить материально-техническую базу отрасли и повысить устойчивость энергетической инфраструктуры.

Специализированная техника была приобретена за счет собственных средств ОАО «Национальная электрическая сеть Кыргызстана» на общую сумму 181,6 млн сомов. В дальнейшем она будет распределена между предприятиями электрических сетей по всей республике. В состав поставки вошли экскаваторы-погрузчики, автогидроподъемники, седельные тягачи, прицепы и автомобили для оперативно-выездных бригад.

В ходе мероприятия Эрлист Акунбеков ознакомился с новой специализированной техникой и отметил ее важную роль в обеспечении надежной работы электрических сетей, а также в оперативной ликвидации аварийных ситуаций. Кроме того, ему была представлена информация о реализуемых в энергетической отрасли цифровых проектах. В частности, он посетил дата-центр и ознакомился с его техническими возможностями, текущей деятельностью и перспективами дальнейшего развития.

Новая техника позволит своевременно и качественно выполнять работы по капитальному строительству и реконструкции объектов энергетики, оперативно устранять аварийные ситуации, повышать надежность электроснабжения и обеспечивать бесперебойную работу распределительных сетей.

Кроме того, в течение 2026 года планируется приобрести еще 8 единиц техники с краново-манипуляторными установками, благодаря чему общее количество обновленной техники достигнет 49 единиц.

Напомним, что в 2025 году в целях укрепления энергетической отрасли было приобретено и распределено среди предприятий электрических сетей по всей стране 140 единиц специализированной техники на общую сумму 379,1 млн сомов.

Реализуемая Министерством энергетики системная работа направлена на обновление инфраструктуры отрасли, усиление подготовки к осенне-зимнему периоду и обеспечение надежного и бесперебойного электроснабжения потребителей.

10/06/2026

“КУЭТ” ААКнын филиалы - Нарын электр тармактар ишканасынын автопаркы 4 даана жаңы атайын техника менен толукталды

Национальная электрическая сеть Кыргызстана
УТРК НАРЫН

Нарын электр тармактар ишканасына 4 даана жаңы атайын техника тапшырылдыНарын электр тармактар ишканасынын өндүрүштүк мү...
09/06/2026

Нарын электр тармактар ишканасына 4 даана жаңы атайын техника тапшырылды

Нарын электр тармактар ишканасынын өндүрүштүк мүмкүнчүлүгүн чыңдоо жана керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоону жакшыртуу, оңдоп-түзөө иштерин сапаттуу аткарууга ишканага 4 даана жаңы атайын техника келди.

Алардын катарына:

* 1 даана FAW үлгүсүндөгү автовышка – 25 метр бийиктикке чейин көтөрүлүп иштөөгө мүмкүнчүлүк берет. Техника кызматкерлердин коопсуз иштөөсү үчүн атайын кабинка менен жабдылган;
* 2 даана Isuzu үлгүсүндөгү бригадалык автоунаа – авариялык жана эксплуатациялык бригадаларды ташууга ылайыкталган, кызматкерлер үчүн кенен жана ыңгайлуу орундуктар менен жабдылган;
* 1 даана экскаватор – жер казуу жана курулуш-монтаж иштерин аткарууда колдонулат.

Белгилей кетсек, 2026-жылдын 5-июнунда энергетика тармагынын ишин жакшыртуу, ошондой эле штаттан тышкаркы кырдаалдарды ыкчам жоюу максатында «КУЭТ» ААКнын өздүк каражаттарынын эсебинен жалпы 41 даана атайын техника сатылып алынып, пайдаланууга берилген.

Жаңы техникалар электр тармактарындагы оңдоо, тейлөө жана авариялык калыбына келтирүү иштерин ыкчам жүргүзүүгө өбөлгө түзүп, керектөөчүлөргө көрсөтүлүүчү кызматтын сапатын жогорулатууга көмөк көрсөтөт.

23/05/2026

⚡️ Жайкы эс алуу мезгилиндеги коопсуздук — башкы көңүл борборунда

Балдардын коопсуздугун камсыз кылуу жана электр жаракаттарынын алдын алуу максатында “КУЭТ” ААКнын филиалы — Нарын электр тармактар ишканасы тарабынан шаар жана район аймагындагы мектептерде электр коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Аталган иш-чаралар ишкананын кызматкерлери тарабынан өткөрүлүп, окуучуларга электр тогунун коркунучу, коопсуздук эрежелерин сактоонун мааниси жана этиятсыздыктын кесепеттери тууралуу кеңири маалыматтар берилүүдө.

Түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө окуучуларга:
⚠️ үзүлгөн электр зымдарына жакындабоо;
⚠️ трансформатордук көмөк чордондордун жана электр мамыларынын жанында ойнобоо;
⚠️ электр жабдууларын кармабоо жана өз алдынча тийишпөө;
⚠️ кооптуу аймактардагы эскертүү белгилерин сөзсүз сактоо керектиги өзгөчө белгиленүүдө.

Мындан сырткары, үй шартында электр приборлорун туура жана коопсуз пайдалануу боюнча да пайдалуу кеңештер айтылууда.

Жайкы каникул учурунда балдардын сыртта көбүрөөк убакыт өткөрөрүн эске алуу менен мындай профилактикалык иштер шаар жана райондогу мектептерде тынымсыз өткөрүлдү.

Урматтуу ата-энелер, мугалимдер жана жалпы жарандар, Нарын электр тармактар ишканасы балдардын коопсуздугуна кайдыгер карабоого жана электр коопсуздугу эрежелерин дайыма эскертип турууга чакырат.

14/05/2026

Ак-Талаа районунда калкты туруктуу электр энергиясы менен камсыздоо иштери күчүндө

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан энергетика тармагын модернизациялоо, санариптештирүү жана калкты сапаттуу электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо багытында масштабдуу иштер ырааттуу жүргүзүлүүдө. Бул алгылыктуу иштердин алкагында “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын филиалы — Нарын электр тармактар ишканасы тарабынан аймактарда күз-кыш мезгилине даярдык көрүү иштери активдүү улантылууда.

Тактап айтканда, Ак-Талаа району боюнча 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында оңдоо жана кайра куруу иштери жүрүп жатат. Жылдык иш-пландын негизинде 460 чакырым 10/0,4 кВ аба чубалгыларын жана 246 даана 10/0,4 кВ көмөк чордонду техникалык тейлөөдөн өткөрүү жана оңдоо мерчемделген.

Апрель тартып бүгүнкү күнгө чейин 145 чакырым аба чубалгысы жана 114 даана көмөк чордон оңдоодон өткөрүлдү.

Мындан тышкары, калкты туруктуу электр энергиясы менен камсыздоо жана тармактын кубаттуулугун жогорулатуу максатында Баетов айыл аймагында 250 кВАлык трансформатордун ордуна 400 кВАлык ГКТП (шаар тибиндеги трансформатор) орнотуу, ошондой эле 5,5 чакырым СИП-2 жана 1,3 чакырым СИП-3 зымдарын тартуу жана алмаштыруу иштери ремонттук кампаниянын алкагында жүргүзүлүп, жыл аягына чейин толук аткарылат

Мындан сырткары, өздүк өндүрүштөн чыгарылган темир-бетон буюмдар цехинен СВ-95,105 үлгүсүндөгү электр мамылары алынып келинип, жаңылоо иштери аткарылууда. Жыл соңуна чейин жалпы 344 даана электр мамысын алмаштыруу пландалган. Анын ичинде 207 даана жаңы мамы Баетов айылына орнотулуп, Куртка -8 даана, Тоголок-Молдо -4, Жогорку май -3, Ак-Кыя-2, Коңорчок- 10, Байгөнчөк-10, Жерге -Тал- 7, Кош-Дөбө- 10, Терек- 14, Баетов 20, Кайыңды-Булак-8, Ак-Чий-9, Пионер -17, Үгүт-5, Ак-Тал- 10, жалпы 137 даана эскилиги жеткен жыгач мамылар жаңыртылат.

Жүргүзүлүп жаткан мындай иштер Ак-Талаа районунун бир катар айылдарында электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн арттырып, калкты сапаттуу жана туруктуу электр энергиясы менен камсыздоого өбөлгө түзөт.

Электр энергиясы боюнча кошумча маалымат алуу үчүн “КУЭТ” ААКнын күнү-түнү иштөөчү чалуу борборунун төмөнкү телефондоруна кайрылсаңыздар болот:
📞105 (акысыз чалуу),
📞+996 772 001209, 0556 001209
📲 WhatsApp: +996 702 001209
-----------------------------------------
В Ак-Талинском районе продолжаются работы по обеспечению населения стабильным электроснабжением

Министерством энергетики Кыргызской Республики последовательно проводится масштабная работа по модернизации и цифровизации энергетической отрасли, а также обеспечению населения качественной и бесперебойной электроэнергией. В рамках этих мероприятий филиал ОАО «Национальная электрическая сеть Кыргызстана» — Нарынское предприятие электрических сетей — активно продолжает подготовку регионов к осенне-зимнему периоду 2026–2027 годов.

В частности, в Ак-Талинском районе ведутся ремонтные и реконструкционные работы. Согласно годовому плану предусмотрено техническое обслуживание и ремонт 460 километров воздушных линий электропередачи 10/0,4 кВ и 246 трансформаторов 10/0,4 кВ.

С апреля текущего года по сегодняшний день уже отремонтировано 145 километров линий электропередачи и 114 трансформаторов.

Кроме того, в целях обеспечения населения стабильной электроэнергией и увеличения мощности сети в айыльном аймаке Баетов вместо трансформатора мощностью 250 кВА будет установлена ГКТП мощностью 400 кВА. Также в рамках ремонтной кампании выполняются работы по монтажу и замене 5,5 километра проводов СИП-2 и 1,3 километра проводов СИП-3, которые будут полностью завершены до конца года.

Помимо этого, из цеха железобетонных изделий собственного производства доставлены электрические опоры типа СВ-95 и СВ-105, проводится их установка и обновление сетей. До конца года планируется заменить всего 344 электрические опоры. Из них 207 новых опор будут установлены в селе Баетов, а также будут обновлены 137 устаревших деревянных опор в населённых пунктах: Куртка — 8, Тоголок-Молдо — 4, Жогорку Май — 3, Ак-Кыя — 2, Коңорчок — 10, Байгөнчөк — 10, Жерге-Тал — 7, Кош-Дөбө — 10, Терек — 14, Баетов — 20, Кайыңды-Булак — 8, Ак-Чий — 9, Пионер — 17, Үгүт — 5, Ак-Тал — 10.

Проводимые работы позволят повысить надёжность электрических сетей в ряде сёл Ак-Талинского района и обеспечить население качественным и стабильным электроснабжением.

Для получения дополнительной информации по вопросам электроснабжения можно обратиться в круглосуточный call-центр ОАО «КУЭТ»:
📞 105 (бесплатный звонок)
📞 +996 772 001209, +996 556 001209
📲 WhatsApp: +996 702 001209

13/05/2026
13/05/2026
13/05/2026

В Ак-Талинском районе Нарынской области отремонтировали 145 км линий электропередачи и 114 трансформаторов в рамках подготовки к осенне-зимнему периоду 2026–2027 годов....

В Нарынском ПЭС проведён очередной День работы с персоналомВчера в Нарынском предприятии электрических сетей — филиала О...
13/05/2026

В Нарынском ПЭС проведён очередной День работы с персоналом

Вчера в Нарынском предприятии электрических сетей — филиала ОАО “НЭСК” — был проведён День работы с персоналом (ДРП), который проходит во второй вторник каждого месяца.

ДРП проводится под непосредственным руководством технических руководителей предприятия и направлен на повышение профессиональной подготовки работников.

Основной целью проведения Дня работы с персоналом является поддержание и расширение знаний персонала требований Правил, производственных и должностных инструкций, а также инструкций по охране труда и технике безопасности. Особое внимание уделяется правильным действиям персонала при ликвидации аварийных ситуаций, в том числе пожаров, оказанию первой помощи пострадавшим, а также совершенствованию навыков безопасного и квалифицированного обслуживания и ремонта оборудования, зданий, сооружений, строительных машин и механизмов.

В рамках мероприятия были проведены инструктажи, обучающие занятия и разъяснительные беседы, направленные на укрепление производственной дисциплины, повышение уровня профессиональной подготовки работников и обеспечение бесперебойной и безопасной работы энергетического оборудования.

Напомним, что в этот день сотрудники предприятия освобождаются от плановых работ, за исключением устранения внештатных ситуаций.

Address

Улица Ленина 18
Naryn
722900

Opening Hours

Monday 08:00 - 17:00
Tuesday 08:00 - 17:00
Wednesday 08:00 - 17:00
Thursday 08:00 - 17:00
Friday 08:00 - 16:00

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Нарын электр тармактар ишканасы posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Business

Send a message to Нарын электр тармактар ишканасы:

Share

Category